TAZİYE DEFTERİ… / CONDOLENCE BOOK…

Siz değerli okuyucularımızdan “Hocaefendi” ile ilgili düşüncelerinizi veya hatıralarınızı taziye defterinde paylaşmanızı bekliyoruz.
(We expect you, our valued readers, to share your thoughts or memories about “Hocaefendi” in the condolence book.)
Мусулман террорист боло албайт, террорист да мусулман боло албайт
Дүйнөгө “диндер арасындагы диалогду” чыңоо жана “билим берүүгө кошкон салымы” менен таанылган аалым, ойчул, жазуучу Фетхуллах Гүлен дүйнө салды. Анын сөөгү бөтөн элде жерге берилди. Жакындарына көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу болсун. Кудай ырахматына кабыл кылсын. Акырети абад болсун.
Өз эли аны өгөйлөп наамын "террорист" деп булгашты. Калыстык үчүн терроризм жөнүндө бир-эки сүйлөм менен пикир бөлүшүп кетпесек болбостур. Террор же терроризм башынан бери эле дүйнөнүн төрт бурчунда бир өңчөй аныкталып келет. Терроризмдин бүткүл дүйнө кабыл алган, тааныган мааниси - коркутуу, үркүтүү, башкача айтканда, кандайдыр бир зомбулук аракети аркылуу коомдо коркуу, баш аламандык атмосферасын жайылтуу болуп саналат. Демейде террористтер жардыруулар аркылуу адамдардын жанын кыйууга аракет жасашат. Бирок алардын негизги максаты - тирүү адамдар. Коркуу сезими тирүү адамдарда гана болот, террордук актылар менен каза болгондорду кантип коркутмак эле. Жардыруу, адамдардын жанын кыйуу ж.б. - болгону бир негизги максатка жетүүдөгү чара же каражат болуп саналат. Эгерде коомчулукту коркутуу, баш аламандык, паника жаратуу максаты көздөлбөсө, анда жасалган аракеттер, канчалык оор болгонуна карабастан, кылмыш болуп эсептелет. Ал аракеттер терроризм деп аталбайт. Ал эми коомдо үрөй учурган коркуу атмосферасын зомбулуксуз, жардыруусуз, адамдын же адамдардын жанын кыйбай туруп, кылмыш жасабай туруп жаратуу мүмкүн эмес. Демек терроризм же террорист болуу үчүн сөссүз түрдө зомбулук аракеттер керек болот. Ошондуктан эзелтен бери жасалган террордук аракеттер, террордук топтордун ишмердүүлүгү зомбулук менен коштолуп келген жана күнүбүздө да, тилеке каршы, уланып келет.
Террордук уюмдар же террористер үрөй учурган кылмыштарды жасоого даяр болуусу үчүн, алардын ички дүйнөсү пикир келишпестикке, көрө албастыкка, жек көрүүчүлүккө, кастыкка, чыдабастыкка толтурулушу керек болот. Ансыз адам эч качан террордук акция жасай албайт жана бирөөгө зыян да келтире албайт. Демек, терроризм ар дайым жогорудагы терс мүнөздөгү сезимдерди пайда кылуу үчүн аракет жасайт. Эгер коомдо өз ара түшүнүүчүлүк болсо, бирин-бири сыйлоо, урматтоо болсо, адамдар илим-билимдүү болсо, тил табышуу болсо, диалог болсо, анда терроризмди ишке ашыруу дээрлик мүмкүн болбойт. Ошондуктан терроризм ар дайым жогорудагы позитивдерге каршы туруп, бул нерселерди коомдон четтетүүгө аракет жасайт. Бүткүл дүйнө коомчулугу ынанган, талашсыз бир аргумент бар, терроризмдин негизги булагы - бул түркөйлүк. Демек, илим, диалог, өз-ара урмат-сый, түшүнүүчүлүк бар жерде түркөйлүк жоголуп, зомбулукка, же террорго орун жок экендиги айдан ачык.
Жарым кылымдан ашуун убакыттан бери адамзатты өз ара жылуу мамилеге, билим алууга, өз ара жардамдашууга үндөгөн аалым Фетхуллах Гүлен жана ал баштаган кыймыл кантип террорист болуп каласын. Ал адамдын ар бир айткан сөзү, кыймыл-аракети терроризмге, террордук идеяга караманча каршы келип жатпайбы. Дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсүндө заманбап үлгүдөгү мектеп, университет ачып, ал жерде миңдеген окуучуну илим-билимге сугарып, достук, жакшылык чөйрөсүндө тарбиялаган бул кыймыл кантип террористке айлансын.
Эгерде Фетхуллах Гүлендин идеяларына дүйнөнүн төрт бурчунда миңдеген адамдар ынанып жатса, жазган китептерин күндүр-түндүр миңдеген көздөр окуп жатса, ачкан мектептеринде миңдеген балдар билим алып жатса, колунда барларды кайрымдуулука үндөп алардын арты менен Африканын чөлдөрүндөгү миңдеген ачка балдардын курсагы тоюп жатса, билим программаларынын арты менен эчен-эчен улан-кыздар билим алуу, китеп окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатса, адам баласы көрө албастыктан, кастыктан, жек көрүүчүлүктөн, зулумдуктан, түркөйлүктөн кутулуп жатса… эгер чындап ушундай болуп жатса… ушулардын баарын көрүп - билип туруп ал адамды "террорист" деп кантип атоого болсун. “Мусулман террорист боло албайт, террорист да мусулман боло албайт” деген бул динаятчы кантип терроризмдин лидерине айлансын. Өмүрүн адамзатына кызматка арнаган, өзүн эмес өзгөнү ойлоп зар какшап жашаган бул адамды “террорист” деп атоо акыйкаттыкка, калыстыкка жатпайт деп ойлойбуз. Бул адамды террорист башы деп атап, анын артынан ээрчиген миңдеген адамдарды “террористтер” деп атоо акылга сыйбаган нерсе.