Ziyaretçi Defteri

Yazar Hizmetten

TAZİYE DEFTERİ… / CONDOLENCE BOOK…

Siz değerli okuyucularımızdan “Hocaefendi” ile ilgili düşüncelerinizi veya hatıralarınızı taziye defterinde paylaşmanızı bekliyoruz.

(We expect you, our valued readers, to share your thoughts or memories about “Hocaefendi” in the condolence book.)

TAZİYE DEFTERİ / CONDOLENCE BOOK

 
 
 
 
 
* ile işaretli alanların doldurulması zorunludur. (Fields marked with * are required.)
Girişinizin ancak biz inceledikten sonra ziyaretçi defterinde görünmesi mümkündür. (Your entry may only appear in the guestbook after we have reviewed it.)
Girişleri düzenleme, silme veya yayınlamama hakkını saklı tutarız. (We reserve the right to edit, delete or not publish entries.)
Sıradan bir öğretmen Sıradan bir öğretmen | Kırgızistan üzerinden yazdı. 25/10/2024
Түбөлүктүүлүк жолунда... 🌹🌹 Миң бир түркүн кыялдар менен жогорку билим алганы шаарга келдим. СССР жаңы эле тараган учур. Жашоо шарт кыйын болчу. Билим алган адамдын жашоосу жакшы болоорун болжочубуз. Ата-энелерибиз ачык айтпаса да билимдүү балдарынын жашоосу жакшы, жаркыраган үйү, чоң жумуштары болот деп үмүт кылчу. Кыйналса да балдарын билимдүү кылууга убара болушчу. Кыйналган элдин эң жогорку максаты билим аркылуу жеке өздөрү жакшы жашоого жетүү эле. Мен да ошолордун бири элем. Университетте аалым, ойчул, жазуучу, мугалим Фетхуллах Гүлендин идеялары менен жашаган адептүү, билимдүү, кичи пейил студенттерге кезиктим. Алар менен тааныштым, достоштум, тууган болдум, жадакалса идеялаш болдум. Агайдын китептерин окудум, семинарларын уктум, жашоого багыт берип шыктандырган сөздөрүнө муюдум. Билимдин мен ойлогондон да башка чоң күчкө ээ экенин түшүндүм. Билим менен мен жетишим керек болгон чектен да ары жагы бар экенин, билимдүү адам “өзү үчүн эле эмес өзгөлөр үчүн да жашашы керектигин" аңдадым. Билимдүү адамдын мойнунда өзүнүн эле эмес, элинин да эмес, адамзатынын жоопкерчилиги бар экенин сездим. Тил билүүнүн зарылдыгын көрдүм. Бир тил билген бир адам, көп тил билген көп адам экенин жашап туйдум. Агай көрсөткөн жолдо жашап жаман болгон жокмун. Мекеним Кыргызстанда, Африкада жана Азияда мугалим болуп иштедим. Кыргызстанда окуткан окуучуларым дүйнөнүн төрт бурчунда элге кызмат кылып жатышат. Африканын көп мамлекетинен өңү кара болсо да зээндүү, акылдуу окуучуларым бар. Күн алыс сурап турган корей, япон, тай, индонезиялык окуучуларым бар. Азыр алар менин элимди, өлкөмдү таанышат, сый-урмат менен карашат. Бир күн сөзсүз Кыргызстанга келип-кетүүнү самашат. Кыргызстандан бирөөнү жолуктуруп калышса “менин агайымды тааныйсыңбы?” деп мени сурашат, мага салам жолдошот. Мунун баары мен үчүн чоң сыймык. Мунун баарын мен Агайымдан үйрөндүм... Менин досторум азыр баштагыдай “өзүмчүл” эмес, алар “эл үчүн жашаган”, адам баласынын көйгөйү менен алек болгон адамдар. Алардын баары жогорку билимдүү. Алар бирден көп тил билишет. Алардын айрымдары магистратураны бүтүргөн, айрымдары илимдин кандидаты, доктору болушкан. Алар “Facebook”, “Google”, “UN”, “Harvard University”, “University of Oxford” деп аталган дүйнөлүк коомчулуктан ордун тапкан билимдүү, тарбиялуу адамдар. Ооба, менин максатым, кыялым, жашоо образым да мурдагыдан башка азыр. Мен да адамдар менен бирге бактылуу бир жөнөкөй адаммын. Мунун баарына түрткү болгон сизсиз - Агайым. Агай - Фетхуллах Гүлен адам баласы кедейликтен чыгып, түркөйлүктөн кутулуп, бөлүнүп-жарылбай билимдүү болушун каалады. Ошол үчүн күрөштү. Бул жолго кайдыгер эмес билимдүү адамдарды үндөдү. Өз өмүрүн толук бойдон адамдардын жашоосуна арнады. Мээси менен жүрөгү табышкан, илим менен билимге сугарылган адеп-ахлактуу, турмуштун ташпүшү менен иши жок, адам баласынын көйгөйлөрү менен алпурушкан “алтын муундун” бой жетилүүсү үчүн тынымсыз эмгектенди. Ал миңдеген адамга үлгү болуп кетти. Ал миңдеген адамга жашоонун максатын айтып кетти. Ал миңдеген адамды адам баласынын көйгөйү менен күрөшүү жолуна салып кетти. Ал жолду аманат кылып таштап кетти. Ал жүздөгөн жылга улана турган жакшылыктын үрөнүн сээп кетти. Ал эми арабызда жок. Ал дүйнө менен кош айтышып кете берди. Топурагың торко, жаткан жайың жайлуу болсун, Агайым. Жараткан бейишинен жай берген болсун ылайым. Биз сизден ыраазыбыз! Келечек муун сизден ыраазы болот, Агай! Жөнөкөй бир мугалим. 23.10.2024 🌹🌹
Lütfen bekleyin...
Hizmet'e Dair Ne Varsa...

Sitemizde, tercihlerinizi ve tekrar ziyaretlerinizi hatırlayarak size en uygun deneyimi sunmak ve sitemizin trafiği analiz etmek için çerezleri ve benzeri teknolojileri kullanıyoruz. Tamam'a veya sitemizde bulunan herhangi bir içeriğe tıklayarak bu ve benzer çerezlerin/teknolojilerin kullanımını kabul etmiş olursunuz. Tamam Gizlilik Bildirimi

Privacy & Cookies Policy